АДАБИЙ ПРОЦЕСС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– бардык дүйнөлүк ад.-ттын белгилүү бир учурдагы, доордогу же мезгилдеги жашап турушу ж-а өнүгүшү. Ал өтө татаал, көп катмарлуу байланыштарда ж-а таасирлерде, карым-катышта болот. А. п. –бул адабиятка бир эле мезгилде бир нече авторлордун келиши ж-а алардын эстетикалык, рухий ыймандык, гуманисттик асылдарды топтошу. Азыркы кыргыз А. п.-и мис., өткөн кылымдын 50-жылдарындагы адабий процесстен бир топ айырмаланат. Бул коомдун, тарыхтын, сүрөткерлердин өзгөчөлүктөрү м-н байланышат.  О. эле А. п.-те социалдык маселеси, идеологиялык көз карашы, эстетикалык денгээли ар түрдүү чыгармалар ж-а формалык жактан бири-бирине окшобогон көркөм туундулар жаралат. А. п.-тин кыймылын, негизги тенденцияларын, багытын билүү, өзгөчөлүктөрүн көрө алуу сөз өнөрүнүн тарыхын, теориясын, сынды жакшы өздөштүрүүгө байланыштуу.