АСКЕР ПАРАДЫ
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(лат. раго – даярдап жатамын,
даярдоодомун) – мамлекеттик ж-а аскердик
маанилүү окуялардын, расмий мааракелердин
урматына согуштук техниканын коштоосунда аскерлердин салтанаттуу өтүүсү. Эң ири А. п-нын
бири 1945-ж. 24-июнда Москвадагы Кызыл
Аянтта фашисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин урматына өткөрүлгөн Жеңиш
парады болгон. КРде мамл. маанидеги иш-чараларды белгилөөдө өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катышуусундагы А. п. өткөрүлүп турат.
2006-жылдын 24-мартында Бишкек ш-нда борб.
Ала-Too аянтында элдик революциянын жыл-
дыгынын урматына салтанаттуу А. п. өткөрүлдү.