АСКЕРДИК НААМДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

– аскер кызматчыларынын ж-а аскерге милдеттүүлөрдүн кызматтык абалына, аскердик же атайын даярдыгына, иштеген жылына, куралдуу күчтөрдүн кайсы түрүнө таандыгына, аскерлердин түрүнө ылайык ар бирине жекече берилет. А. н. – өздүк курамдын аскердик кызматты өтөөсүн, кадрларды жайгаштыруунун, алардын туруктуу кызматтык-укуктук абалын туура уюштуруунун маанилүү шарты. Алар аскер кызматкерлер арасындагы өз ара мамиледе улуулукту, аскер кызматынын мөөнөтүн ж-а запастагы абалын аныктайт; материалдык ж-а акча м-н камсыз кылууга, мам л. камсыз доого, аскер кызматкерлерине ж-а алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө болгон жеңилдик укугун аныктоодо олуттуу мааниге ээ. КРдин куралдуу күчтөрүндөгү А. н-дын тизмеси Ички кызмат уставында келтирилген.


Аскердик даражалары Аскердик наамдары
Аскерлер Катардагы жоокер

(курсант)

Ефрейтор

Сержанттар ж-а стар-
шиналар
Кенже сержант
Сержант
Улук сержант
Старшина
Прапорщиктер
Прапорщик
Улук прапорщик
Кенже офицерлер
Кенже лейтенант
Лейтенант
Улук лейтенант
Капитан
Улук офицерлер Майор

Подполковник

Полковник

Жогорку офицерлер Генерал-майор

Генерал-лейтенант

Генерал-полковник