АРХОНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

(гр. archon – башкаруучу, бийлөөчү) — байыркы грек полистериндеги жогорку бийлик кызматын ээлеген адам. Айрым уламыштар боюнча б. з. ч. 11-к-да Афиныда падышалык бийлик жоюлуп, анын ордуна падышалык кодриддер уруусунан чыккан өкүлдөр өмүр бою А. болуп дайындалышкан. Б. з. ч. 8-к-дан анын мөөнөтү 10 ж., ал эми 7-к-дан I жыл м-н чектелген. I-А. эпоним (аткаруу бийлигинин башчысы), 2-А. басилей, 3-А. полемарх (аскер башчысы) деп аталган. Б. з. ч. 7-к-дын ортосунда дагы 6 А-тук кызмат киргизилип (сот бийлигин жүргүзгөн фесмофеттер), мамлекетти 9 адамдан турган А-тор коллегиясы башкарып калган. Б. з. ч. 5-к-дан А-тор коллегиясы маанисин жоготкон.