АЙЫР
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Acorus) – ароиддер тукумундагы өсүмдүк уруусу, көп жылдык чөп. Тамыр сабагы жоон, сойлоп өсөт, чачы тамырлуу, жалбырагы ичке кылыч сымал, уз. 1 мге жетет; топ гүлү – сото. Анын 2 түрү белгилүү. Кырг‑нда (Ысык‑Көлдүн чыгышында) кездешет. Өзөн, көлмө жээктеринде ж‑а саздарда өсөт. Вегетативдик жал м‑н көбөйөт. Тамыр сабагынан эфир майы алынат, ал парфюмерия, кондитер ө. ж‑да, о. эле андан алынган дарылар медицинада боор, өт, бөйрөк ж‑а борб. нерв системасынын ооруларын дарылоодо колдонулат.