АРГУМЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(лат. argument urn – предмет, белги) – 1)функциянын А-и – анын маанисине функциянын мааниси көз каранды болгон

өзгөрмө чоңдук; 2 )z = x + yi = r (coscp + isiny) комплекстүү санынын А-и – тегиздиктеги координаталары х ж-а у болгон чекитке туура кел­ген г радиус-векторунун абсцисса огу м-н түзгөн Ф бурчу; 3) башка бир ой жүгүртүүнүн (конвен­ция, теория) чындыгын ырастоого алып келүүчү ой жүгүртүү (же ой жүгүртүүлөрдүн жыйындысы); 4) логикада А. – далилдөөнүн негизи боло турган түшүнүк. Кандайдыр бир жобонун акыйкаттуулугун же жалгандыгын далилдөө үчүн келтирилген пикир.