АРАШАН
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Чүй обл-нун Аламүдүн р-ндагы
кыштак. Арашан айыл округунун борбору.
Аламүдүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг.
1200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыш-нан ж-а Аламүдүн темир жол бекетинен 27 км түш. тарапта, 1924-ж.
отурукташкан. Калкы 3799 (2009); мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, мад-т үйү, турмуш тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, жазуучулардын «Арашан»
эс алуу үйү бар.