АПРАКСИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(гр. apraxia – аракетсиздик) – адам­дын жогорку нерв ишинин бузулушу. Анда мээ

кыртышынын ар кайсы бөлүгү жабыркап, мак­саттуу кыймыл-аракет бузулат. Ал мээнин төбө, маңдай бөлүгүнүн сезгенүүсүнөн, шишигинен, кан тамырларынын жабыркашынан же түрдүү кырсыктардан болот. Оорулуу суроолорго туура жооп берет, бирок түрдүү көнүмүш аракеттерди (мис., ширеңке чакканды, топчулоону ж. б.) жасай албайт. А. кинетикалык, кинестетикалык ж-а констр-лык болуп бөлүнөт. Кинетикал ы к А. мээнин маңдай бөлүгүнүн арткы жагы жабыркаганда болуп, кыймылдын ыра-аттуулугу бузулат. Натыйжада кыймыл токтоп же максатка жетүү үчүн ошол эле кыймылды кайталоого туура келет. Мээнин төбө бөлүгүнүн жогорку жагы жабыркаганда кинестети-к а л ы к А. болуп, оорулуу өзү ойлогон кыймыл-аракетти жасай албайт. КонстрлыкА. төбө мээсинин төмөнкү бөлүгү жабыркаганда байкалат. Дарылоону нейропсихолог жүргүзөт.