АНТРОПОГЕНДИК ЛАНДШАФТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– адамдын

чарбалык иш-аракетинин негизинде табигый абалына салыштырмалуу өзгөрүүгө дуушар бол­гон геогр. чөйрө. А. л-ка өнөр жай комплекси, калк отурукташкан жерлер, а. ч-луу, өнөр жайлуу р-ндор ж. б. кирет. А. л-тын өзүн-өзү жөнгө салып турган табигый ландшафттан айырмасы, ал такай адамдын таасири астында өөрчүп, өнүгөт. Бирок, көпчүлүк учурда көзөмөлдөнбөгөндүктөн чөйрөнүн деформациясына ж-a бузулушуна түрткү болот. А. л. өзгөрүүсү (чала өзгөргөн, өзгөргөн, өтө өзгөргөн), социалдык-экон. функциясы (а. ч-лык, урбанизацияланган, рек­реация лык, коруктук, чөйрө коргоочу ж. б.), антропогендик таасирлердин натыйжасы б-ча (маданий же өзгөртүлгөн ландшафт) бөлүнөт. А. л. кургактыктын 63% ин ээлейт.