АНАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Punica)– өсүмдүктөрдүн анарлар тукумундагы бадал же анча чоң эмес дарак (бийикт. 5 жге чейин). Жалбырагы калың, күбүлмө. Гүлү кош жыныстуу,

жалгыздан же топ гүлдүү. Негизинен кайчылаш, кээде өзү м-н өзү чацдашат. Май– августта гүлдөйт.

АНАР 69.png

Тоголок, саргыч, кызыл кабыктуу, с ал м. 300-600 г, мөмөсү сентябрь, ноябрда бышат.
Мөмөсүндө 400- 700 ширелүү уругу болот. Жапайы түрү О. Азия, Закавказье, Иран,
Афганистан, Индияда өсөт. Бир түрү субтропик өлкөлөрдө – Крым, Закавказье, О. Азияда өстүрүлөт. А-дын ширесинде кант, лимон к-тасы, танин, С витамини бар. Ширесинен суусун, сироп, татымал даярдалат. Дары, боёк жасоо ишинде да керектелет. Кабыгы медицинада кайнатылып же экстракт түрүндө ичеги мите курттарына каршы, ширеси ашказан сезгенгенде, астма, ангина, атеросклероз ж. б. ооруларды дарылоого колдонулат. Анын казаке, кызыл, бала мюрсаль ж. б. сорттору бар. Кооздук үчүн да өстүрүлөт. Калемче, тамыр, чырпыктары аркылуу көбөйтүлөт. Зыянкечтери: мөмө жегичи, бити, кенеси. Илдеттери: фомопсис же бутак рагы.