АЛЬБУКАСИС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Альбуказис (о. кылым лат.

Albucasis), Аз-Захрави (Абу-аль-Касим Халаф ибн Аббас аз-Захрави) (936-1010 ченде, башка маалымат б-ча 1013) – араб хирургу, о. кылымдын башындагы хирургдардын колдон түшпөс китеби болгон 30 томдук «Китаб аз-Захрави» энциклопедиясынын автору. Ал кан агууну токтотуу ыкмасын, тканды ичеги жиби (азыркы кетгут) м-н тигүү, чуркуну операция жолу м-н дарылоо, гангренада ампутациялоо ж. б-ларды сунуш кылган. 200дөн ашык хирург, аспаптарды сыпаттап жазган.
Ад.: Мирский М. Б. Хирургия от древности до современности. М., 2000.