АЛЫШБАЕВ Жумагул

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Жумагул (1922, Ысык-Көл обл.,

Ак-Суу р-ну, Кереге-Таш айылы – 15. 8. 1969, Фрунзе) – экономист, экономика илимд. доктору (1966), проф. (1967), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1964). Пржевальск пед. окуу жайын бүткөн (1939). Кочкор р-нунда орто мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1939-45-ж. Сов. Армияда кызмат өтөп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1945- 47-ж. Кырг-н JIKCM Талас обкомунун секретары, Кырг-н JIKCM БКнын секретары. 1947-53-ж. Москвадагы Жогорку партиялык мектепте ж-а КПСС БКнын алдындагы коомдук академиянын аспирантурасында окуган. 1953-54-ж. Кырг-н КП БКнын алдындагы респ. парт, мектепте директор, Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти (1956-58), Кыргыз ССР ИАнын экономика интунда сектор башчы (1958-68), КСЭнин Башкы

АЛЫШБАЕВ 20.png

редакторунун орун басары (1968-69) болуп иштеген. А. конкреттүү экономиканын айрым тармактары, экономика теориясы б-ча адис катары 200дөн ашуун ил. эмгек жазган. Эмгектеринде Кырг-нда өнөр жай курулушу ж-дөгү маселелер каралып, өнөр жайынын рационалдуу өнүгүү багыты, ыңгайлуу жайгаштыруу жол
дору далилденген. Кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсал энциклопедия – КСЭни даярдап чыгаруу үчүн түзүлгөн Башкы редакцияны уюштурууга ж-а болочок энциклопедиянын сөздүгүн түзүүгө зор эмгек жумшаган. Кызыл Жылдыз, эки II даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Ысмы туулуп-өскөн айылындагы орто мектепке берилген.
Эмг.: Перспективы и проблемы развития тяжёлой промышленности в Киргизии. Ф., 1965; Экономикалык илимдердин милдеттери жана анын кээ бир актуалдуу маселелери жөнүндө, Ф., 1969.