АНГЛИС ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:20, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– англичандардын тили. Улуу

Британия, Ирландия (ирланд тили м-н катар), <notkey>АКШ</notkey>, Канада (француз тили м-н катар), Австралия, Жаңы Зеландия, Түш. Африка ж-а Индияда (бир аз бөлүгүндө) оозеки кепте (речте) колдонулуучу ж-а мамл. иш жүргүзүүнүн, ад-ттын ж-а илимдин тили болуп саналат. Бул тилде 400 млнго жакын адам сүйлөйт. БУУда официалдуу кабыл алынган беш тилдин бири. Индевропа тилдеринин батыш герман тобуна кирет. А. т. 5-6-к-да кельт урууларын сүрүп, Британияга көчүп келип жайгашкан герман урууларынын (англ-сакс ж-а ют) тилдеринен өнүккөн. А. т-нин тарыхы байыркы (7-11-к.), орто (12-15-к.) ж-а жаңы (15-к-дан бери) болуп үч мезгилге бөлүнөт. Азыркы А. т. байыркы А. т-нен айырмаланып, аналит. тилдердин тибине кирет. Сөздөрдүн мааниси сөз тизмектери ж-а кызматчы сөздөр аркылуу айырмаланат. А. т-де сөз өзгөртүү мүчөлөрү аз. А. т-нин жазуу эрежелери м-н сөздөрдүн айтылышынын арасында орчундуу айырмалар бар (А. т-нин орфография эрежелери б-ча кийинки англис ж-а жаңы англис тилдериндеги тыбыштык өзгөрүүлөргө жазууда жол берилбейт).
Ад.: Бруннер К., История английского языка, пер. с нем., т. 1-2, М., 1955-56; Смирницкий А. И., Древнеанглийский язык. М., 1955; Кунин А. В., Англо-русский фразеологический словарь, [кн.] 1-2, 3 изд., М., 1967. К. Саматов.