АМИН
Jump to navigation
Jump to search
Хафиззулла (1. 8. 1929, Пагман, Кабулга жакын, Афганистан эмираты – 12. 12. 1979, Кабул) – Афганстандын саясий ж-а мамл. ишмери. Элдик-демокр. Хальк партиясынын мүчөсү болгон. 1978-ж. апр. рев-ясынан кийин бийлик Хальк партиясынын колуна өткөн соң, жарандык со-гуш башталган. Анын жүрүшүндө А. премьер-министр ж-а коргоо министри болуп калган. Афганистандагы окуяларга АКШ ж-а Советтер Сою-зу кийлигишип, көзөмөлдөп турган. Москванын көрсөтмөсү м-н мамл. башчысы Н. М. Тараки А-ди кызматтан четтетүүнү көздөгөн. Бирок, бул тууралуу кабардар болгон А. 1979-ж. мамл. төңкөрүш уюштуруп, Тараки камакка алынган ж-а А-дин жактоочулары тарабынан
өлтүрүлгөн. АКШнын колдоосуна таянуу м-н А.
өзүн Афганистандын президенти деп жарыялаган. «Социализмди» тезинен куруу курсун жарыялап, Афганистандын элдик-демокр. партиясынын катарындагы өзүнүн оппоненттерине
каршы репрессия уюштурган. Бирок, мамл. төңкөрүш ж-а Таракинин өлүмү өлкөдө баш-аламандыкты пайда кылып, Афганистанга сов. аскерлер киргизилген. А. президенттик сарайды
штурмалоо учурунда (1979-ж. 27-декабрда)
өлтүрүлгөн.