АМЕРИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Батыш жарым шардагы дүйнө

бөлүгү. Чыгышынан Атлантика, батышынан Тынч, түндүгүнөн Түн. Муз, түштүгүнөн Түштүк океандары м-н чулганат. Эки материктен (Тун. Америка ж-а Туш. Америка) турат. Экөөнүн ортосундагы чек Дарьен (айрым учурларда Панама) мойногу аркылуу жүргүзүлөт. Түн. Американын түштүгүн Борб. Америка, Вест-Индия ж-а Латын Америкасына бөлөт. Американын курамына, о. эле дүйнөдөгү эң зор Гренландия а. ж-а материктерге жакын жайгашкан аралдар кирет. Жалпы аянты 42,5 млн км2. Түн. ж-а Түш. Америка бири-биринен обочо, башка дүйнө бөлүктөрүнөн алые жайгашкандыгына, аянтынын кыйла чоңдугуна, геол. түзүлүшү ж-а рельефи бирдей болсо да табиятынын кескин айырмачылыгына карата эки материкке ажыратылган. 10–11-к-да А-нын түн.-чыгыш жээгине европалыктардан биринчи жеткен нормандар болгон. 1492–1503-ж. X. Колумб тарабынан ачылган Антил а. ж-а кургактыктын жээгинин бир бөлүгү – Индия деп жаңылыш кабыл алынган. Флоренциялык Америго Веспуччи жаңы ачылган жерлерди – Жаңы Дуйнө деп атаган. 1907-ж. лотарингиялык картограф М. Вальдземюллер өзүнүн «Космографияга кириш сөзүндө» Батыш жарым шардагы жаңы ачылган жер дүйнөнүн жаңы бөлүгү деп болжолдоп биринчи айткан флоренциялык Америго Веспуччинин ысымынан атаган.