АНТИФРИЗДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(анти ... ж-а англ. freeze – тоңуу) – ОоСден төмөн темп-рада иштөөчү ичинен

күймө кыймылдаткычтарды ж-а ар кандай түзүлмөлөрдү муздатууда колдонула турган төмөнкү темп-рада тоңуучу суюктуктар. А. жогорку жылуулук сыйымдуулук, жылуулук өткөрүмдүүлүк, кайноо ж-а от алуу темп-расынын өтө жогору болушу; төмөнкү темп-рада начар илешкектиги, буу басымынын ж-а көбүрүүсүнүн төмөндүгү ж. б. касиеттерге ээ. А. муздатуу системасынын тетиктерин дат бастырбайт, шланг ж-а төшөлмөлөр жасалган материалды жеп жибербейт. Этиленгликоль, глицерин, айрым спирттер ж. б. орг. кошулмалар, о. эле кээ бир туздардын (мис. хлордуу кальций) суудагы эритмелери ушундай касиетке ээ. Дат бастырбаган фосфор кычкыл натрий кошулган, тоңуу темп-расы -75°С, этилен-гликолдун суудагы эритмеси (66,4% и этиленгликоль ж-а 33,3 %и суу) сапаттуу А. болуп эсептелет. Мындай эритмелер тоңгондо көлөмү чоңойбойт, ошондуктан А. тоңгон түтүктөр ж-а радиаторлор системасы жарылып кетпейт. А-дин фосфор кычкыл натрийлүү этиленгликолдуу 40 ж-а 60 маркасы (тоңуу темпрасы тиешелүү түрдө -40°С ж-а -60°С) ж-а молибден кычкыл натрийлүү 40 м маркасы бар.
Ад.: Моторные и реактивные масла и жидкости, под ред. К. К. Папок и Е. Г. Семенидо, 4 изд., М., 1964; Бобров Н. Н., Воропай П. И. Применение топлив и смазочных материалов, 2 изд., М., 1968.