АНСАМБЛЬ
(фр.
ensemble – бирге,
чогуу, бүтүн нерсе) -
1) сахна өнөрүндө
спектаклдеги бир
идеяга баш ийген
бардык компоненттердин гармониялуу
айкалышы; 2) аткаруучулардын бир
көркөм коллектив
катары чыгуучу тобу; 3) бир нече атка
руучу үчүн муз. чыгарма (дуэт, трио ж. б.); 4)
арх-ра ж-а шаар курууда идеялык-көркөмдүк,
арх-ралык жактан чечилген имараттардын, аянттардын, монументалдык живопистин,
скульптуранын композициялык биримдиги. А. – архралык чыг-тын жогорку формасы. Имараттардын, бак-парктпардын. да өзүнчө A-и болот. Бирибирине өтмөктөр аркылуу байланышкан беш имараттан турган КР УИАнын курулушунун комплекси борборубуздун ири арх-ралык А-и болуп саналат. Анын авторлору ленинграддык арх. Ю. Билинский ж-а А. Бочаров имараттын бетмаңдайын кооздоодо Кырг-ндын илимин, мад-тын кыргыздын элдик оймо-чийме мотивдери аркылуу чагылдыруу м-н түстүү куйма керамикада аткарылган тематикалык ж-а декоративдик барельефтерди колдонушкан. Ал эми Бишкектин борб. гүлбагы катар тигилген дарактардын, көк жайыктардын, эстеликтин ж-а
фонтандын биригип айкалышынан түзүлүп, тегерегиндеги арх-ралык имараттарга кошулуп,
шаардын ажырагыс кооз бөлүгүнө айланды.
Арх-ралык А-дин композициясына көркөм сүрөт
өнөрүнүн чыгармалары да кирет, к. Искусство
синтезы. К. Сарбанов.