АМСТЕРДАМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Amsterdam, алгач Amstellebamme -

«Амстел д-ндагы плотина») – Нидерланд Королдугунун борбор шаары. Өлкөнүн маанилүү маданий очогу ж-а экон. борбору. Калкы 822 миң (2014; шаар айланасы м-н 2,3 млн); калкынын саны б-ча өлкөдөгү ири шаар. Амстел д-нын чатында, Эйсселмер булуңунун жээгинде жайгашкан. Түндүк деңизи м-н кеме жүрүүчү эки канал аркылуу байланышат. Деңиз порту (жылына 25 млн т жүк ташылат). Рейн д. м-н даты канал аркылуу туташат. Ири жолдор тоому. Темир жолдор түйүнү. Схипхол эл аралык аэропорту (Европадагы эң ири) бар. Метрополитен иштейт. Шаар алгач 1275-жылдан эскерилет. 15-к-да ири соода борбору болгон. 16-к-дын аягында 17-к-дын башында биржа ж-а ошол кездеги ири европалык банктар уюшулуп, дүйнөлүк маанидеги соода ж-а кредит борборуна айланган. 16- 17-к-да Португалия ж-а Германиядан (еврейлер) ж-а Франциядан (гугеноттор) иммигранттар келишкен. 1795-жылдан Батав Респ-нын, кийинчерээк Нидерланд Королдугунун борбору болгон.
А. – Европадагы туризмдин ири борборлорунун бири. Шаардын жаңы бөлүгүндө Дам аянтында Корол сарайы (1648–55), соңку готика стилиндеги Ньивекерк чиркөөсү (1490-ж. чен), Улуттук монумент (1954–56) жайгашкан. Эски бөлүгүндө 50–62) бар. О. кылымдагы Синт-Антонспорт шаар дарбаза курулушу (1488; 1987-ж. чейин еврейлер музейи), 15–17-к-дагы мунаралар, готика стилиндеги Эски (13-к.) ж-а Жаңы (15–16-к.), Түн. ж-а Чыгыш чиркөөлөрү (экөө тең 17-к.) сакталган.
Шаарда ИА, 2 ун-т, консерватория (1884), театралдык ин-т, ири китепканалар, музейлер (а. и. Ван Гогдун музейи), Рембранттын үй-музейи, филармония бар. А. –көөнө музыкалардын кайрадан жаралуу борборлорунун бири. Голландия музыкасы (1947, жайында), эл аралык даректүү ж-а балдар киносу ж. б. фестивалдары өткөрүлөт. Машина куруу (авиация, кеме куруу, электр техника, электроника), хим. (полимер, пластмасса, жасалма каучук, жер семирткич, фармацевтика ж. б.), нефть ажыратуу, полиграфия, тамак-аш – татымал (какао, кофе, кокос майы ж. б.) өнөр жайы бар. IX Олимпиада оюндары (1928) өткөрүлгөн. Салт болуп калган ювелир өндүрүшү, алмазды кырдоо өнүккөн.