БАЗАР-БАШЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ Баткен обл-нун Баткен р-ндагы кыштак. Кара-Булак айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Баткен ш-нан 2 км түн. тарапта. Исфара темир жол бекетинен (Тажикстан) 20 км. Деӊиз деӊг. 996 м бийиктикте. Калкы 2147 (2009); негизинен мал чарбасында эмгекте нет. Негизги мектеп, китепкана, бала бакча, ашкана, наавайкана бар.