АДДИС-АБЕБА
Jump to navigation
Jump to search
(амхарча – жады гүл) – Эфиопиянын борбор шаары; өзүнчө адм. бирдик. Өлкөнүн борб. бөлүгүндө, Эфиопия тайпак тоосунда, деңиз деңг. 2400 м бийиктикте жайгашкан. Маанилүү жолдор тоому. Калкы 3,0 млн (2012). Темир жолу аркылуу Жибути (Сомалиде) порту м‑н байланышат. Эл аралык маанидеги аэропорту бар. 1887‑ж. император Менелика II тарабынан негизделип, алгач Финфинни аталган. 1889‑жылдан азыркыдай аталат. Металл иштетүү, тамак‑аш, жыгаччылык, текстиль, цемент өнөр жайы, ун‑т иштейт. Кустардык жол м‑н кездеме токулат, булгаары ж. б. чыгарылат. Кол өнөрчүлүк (жыгач буюмдарын жасоо) өнүккөн. Ун‑т, археол. ж‑а а. ч. ил.-из. ин‑ту, музей, Улуттук театр, Улуттук китепкана бар. 19–20‑к‑дагы арх‑ралык эстеликтер – Менелика II сарайы, Жаңы сарай, Ыйык Георгий собору (экөө тең
19‑к‑дын аягы) ж. б. сакталган. А.-А‑да эл аралык ири уюмдардын штаб‑квартиралары жай гашкан: алар – БУУнун Африка үчүн экон. комиссиясы (1958‑жылдан), Африка союзу (1963-жылдан иштейт; 1963–2000‑ж. – Африка биримдиги уюму).