АК ОЛПОК
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
– 1) жоокердик кийим. Аны баатырлар чалгынга, жоого чыкканда найза, кылыч, ай балта ж‑а жебеден сактанууга, о. эле эл башкаруучу атак‑даңк, сөөлөт үчүн да кийишкен. Кийиз м‑н кайыш кабатталып (сырткы бетине өзгөчө түр берүү үчүн арасына темир, албарстын майда өгөндүсү же кум кошулган), кайра‑кайра шырылып, жибек же баалуу кездемелер м‑н ичтелип, этеги, жеңи кыска, тик жака, алды‑арты өз‑өзүнчө туюк жасалып, эки капталы ачык тигилип, бүчү м‑н бүчүлөнгөн. Бет келген душманга сүрдүү көрүнүү үчүн сырткы бетине (кайышка) жырткыч айбандын (арстан, жолборс, ажыдаар) ар түрдүү көрүнүштөгү сүрөтү, оюм‑чийим түшүрүлгөн. Ал эми «Ак» түшүнүгүнүн кошулуп айтылышы, кыргыздардын жоокерчилик заманда өң‑түстү гана эмес, касиеттүү, ыйык, ырайымдуулук деген мааниде колдонулгандыгын билдирет. «Манас» эпосунда А. ок өтпөгөн, найза тешпеген, кылыч кеспеген чыдамдуу ж‑а касиеттүү, көркөм, асем‑сый буюм катары сүрөттөлөт; 2) мамык төшөкчө. Ичине жүн ж‑а кебез салынып, ак бөз кездемеден жасалып, бешикке төшөлөт.
Ш. Керимова.