АК-БУЛУҢ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Ысык‑Көл обл‑нун Ак‑Суу р‑ндагы кыштак. Ак‑Булуң айыл аймагынын борбору. Ысык‑Көл өрөөнүнүн чыгышында Тескей Ала‑Тоонун этегинде, Түргөн суусунун сол жээгинде (Жыргалаңдын сол куймасы), Каракол Жыргалаң автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 2130 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол ш‑нан 14 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 258 км. 1922‑ж. отурукташкан. Калкы 1929 (2009); негизинен мал чарбасында, картөшкө өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, амбулатория, ФАП бар. «Назгүл» нан бышыруучу кичи ишканасы иштейт. Кыштакта комузчу ж‑а элдик композитор Ыбырай Туманов (үй музейи ачылган), сов. чек арачы К. Торгоев (кыштакта бюсту орнотулган) туулган.