«АКБЕРМЕТ» поэмасы
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
кыргыздын элдик поэмаларынын бири. Акбермет Карагул кызынын өмүр баяны ж‑а анын чыгармалары ж‑дө маалымат берет. Аны алгач фольклор жыйноочу К. Мифтаков 1923‑ж. Талас өрөөнүндө элдик оозеки чыгармаларды жыйнап жүргөн учурда жолуктуруп, өмүр баянын, чыгармаларын жазып алган. Акбермет Карагул кызы 1899‑ж. төрөлүп, балалыгы оор турмушта өтөт. Анын ырлары негизинен арман мотивинде айтылып, бактысыз балалыгы, чыркырап күйгөн жаштыгы, теңсиз турмушу образдуу көркөм сүрөттөлөт.