АК-БЕЙИТ АШУУСУ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Ат‑Башы кырка тоосунун батыш учу м‑н Арпанын Ала‑Тоосунун аралыгындагы белбаскакта (Кара‑Суу, Орток тоолорунун аралыгында) жайгашкан. Бийикт. 3286 м. Ашуудан Орток ж‑а Кара‑Суу тоолорунун кырлары 200–240 м, Ат‑Башы кырка тоосунуку 300– 1100 мге көтөрүңкү жатат. Ат‑Башы өрөөнүн Арпа, Ак‑Сай өрөөндөрү м‑н байланыштырат. Ал аркылуу Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт. Аты ага жакын жердеги күмбөзгө байланыштуу пайда болгон.