АК-КЫЯ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– 1–5‑к‑га таандык ба­йыркы көрүстөндөр тобу. Нарын обл‑нун Ак­Талаа р‑нунан табылган. 1‑көрүстөн Ак‑Кыя ж‑а Көк‑Жар айылдарынын ортосунда; 4 дөбө­мүрзөдөн турат. Бийикт. 0,3‑0,6 м, диаметри 6–8 м. Үстү томпок сымал. 2‑көрүстөн Ак‑Кыя

айылынан чыга бериште жайгашкан; 4 таш дөбө­мүрзөдөн турат. Бийикт. 0,1–0,5 м, диаметри 6–12 м. 3‑көрүстөн Ак‑Сай айылынан 500 м чы­гышта, 16 таш дөбө‑мүрзөдөн турат. Бийикт. 0,1–1 м, диаметри 7‑13 м. 4‑көрүстөн үчүнчү кө­рүстөндүн 400 м түн. жагында; 12 мүрзөдөн ту­рат. Бийикт. 0,3–0,9 м, диаметри 7–10 м. 5‑кө­рүстөн Ак‑Кыя айылынан 3–4 км чыгышта, На­рын д‑нын оң өйүзүндө; 10 таш дөбө‑мүрзөдөн турат. А. ч. иштеринин натыйжасында көбү тү­зөлүп калган. Көрүстөндөрдү 1983‑ж. М. И. Мос­калёв тапкан. Археол. казуу иштери жүр­гүзүлгөн эмес.

М.	И.	Москалёв.