АДРИАНОПОЛЬ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ
07:09, 12 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(1829) Россия м‑н Осмон империясынын ортосундагы согуштун (1828–29) жыйынтыгы м‑н түзүлгөн келишим. 1829‑ж. 2 (14)-сентябрда Ад рианополь (Түркиянын Эдирне ш.) ш‑да 25 жылдык мөөнөт м‑н кол коюлган. Келишим бча Дунайдын Чаты а. м‑н Кара деңиздин бүт Кавказ жак жээги, Кубань д‑нын чатынан Ажариянын түн. чегине чейин, о. эле Ахалкалаки ж‑а Ахалцик чептери чет жакасы м‑н Россияга өткөн; Грузиянын, Имеретиянын, Мегрелиянын ж‑а Эриван, Нахичевань хандыктарынын Россияга кошулушу ырасталган, орустардын ж‑а чет өлкөлөрдүн соода кемелери Босфор м‑н Дар данелл кысыктары аркылуу эркин өтүшүнө Түркия макулдук берген. Дунай княздыктары (Молдавия ж‑а Валахия) автономияга ээ болушкан. А. т. к‑н түзүү м‑н орус дипломатиясы ири жеңишке жетишкен. Ал Кара деңиз боюнда сооданын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп, Закавказьенин негизги аймактарын Россияга кошуп бүткөн; Молдавия, Грекия, Валахия ж‑а Сер бия элдери Осмон империясынын эзүүсүнөн бошонгонго объективдүү өбөлгө түзгөн.