АЙДАРЫМ АРАЛДАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
Кариб аралда р ы (англ. Windward Islands, исп. Islas Barlovento) – Кариб деңизиндеги аралдар тобу, Кичи Антил аралдар архипелагынын чыгыш бөлүгү. Вест Индияда, Виргиния ж‑а Тринидад а‑нын аралыгында жайгашкан. Ири аралдары: Гваделупа, Мартиника, Доминика, Гренада, Сент‑Винсент, Антигуа ж. б. Рельефи тоолуу (эң бийик жери 1447 м, Доминика а‑нда). Аракеттеги жанар тоолор бар. Тропиктик климат өкүм сүрөт. Бал камыш, цитрус өсүмдүктөрү, ко фе, какао, банан плантациялары бар. А. а‑нда жайгашкан өлкөлөр: Антигуа жана Барбуда, Гренада, Доминика, Сент‑Винсент жана Гре надина, Сент‑Люсия, о. эле Улуу Британия, Франция, Нидерландиянын ээликтери бар. Жалпы аянты 6 миң км2. Калкы 1,3 млн (1990). Негизги шаарлары – Фор‑де‑Франс (Мартиника а‑нда), Пуэнт‑а‑Питр ж‑а Бас‑Тер (Гваделупа а‑нда), Кастри (Сент‑Люсия а‑нда). Аралдардын түн.-чыгыш пассат шамалына карата ачык жайгашуусунан улам ушундай аталып калган.