АЙВАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (перс. эйван бастырма, иван зал,

ак сарай) – 1) О. Азияда турак жайлардын, ме-
читтердин ж. б. имараттардын алдына улай же
өзүнчө курулган чатыры жайык, түркүктөр м‑н
тирелген бастырма; 2) короонун ичиндеги бир,
эки же үч тарабы ачык, кенен имарат‑зал (Пар-
фия м‑н Сасаниддик Ирандын ак сарайларын-
да, о. кылымдагы О. Азия, Иран, Афганстан
ж. б. өлкөлөрдө мечиттер м‑н ак сарайларда

Айваны бар турак үйлөр.

адамдарды кабыл алуучу жай). Кырг‑ндын ай­магында (көбүнчө түштүгүндө) А‑ы бар көп ту рак үйлөр, мечиттер салынган (мис., Сулайман тоосунун этегиндеги мечит). Имараттын ортоң­ку чатыры купол түрүндө жабылып, капталын­дагылары кышкы имаратка ылайыкташтырыл­ган. Мындай мечиттер О. Азиянын Самарканд, Бухара ж. б. ш‑ларында да кезигет.

Д. Өмуралиев.