АЗОТБАКТЕР
Jump to navigation
Jump to search
(Azotobacter) – абадагы азотту топтоп, андан өз клеткасынын белогун синтездөөчү, эркин жашоочу бактериялар. Ал шапалакчалуу, кыймылдуу, сүйрү же тоголок түзүлүштө болот, спора пайда кылбайт. Анын 4 түрү топуракта, сууда жашайт. Көбүнчө жакшы иштетилген топуракта болот. А‑ден бир катар витаминдер, ауксин сымал өстүргүч зат тар, айрым антибиотиктер даярдалат. Андан А. жер семирткичи алынат, к. Азот топтоочу микроорганизмдер.