АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫГА БИРДЕЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:24, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – 1948‑ж. 10‑декабрда БУУ­нун Башкы ассамблеясы тарабынан адам укук тарынын негизги мыйзамы катары кабыл алын­ган эл аралык документ. Декларациянын жо болору көп өлкөлөрдүн конституция ж‑a мый­замдарына киргизилген. Ал кириш бөлүмдөн ж‑а 30 статьядан турат. Декларациянын бирин­чи эки статьясында адамдын расасы, жынысы, тили, дини, улуту, саясий ж. б. көз карашта­рына карабастан эркиндигин ж‑a теңдигин жа­рыялаган. 3–21‑статьяларында экон., социал. ж‑a маданий укуктары, 28–30‑статьяларында ар бир адамдын коомчулук алдындагы милдетте­ри тууралуу айтылат, о. эле Декларациядагы адам укуктарын ишке ашырууга багытталган коомдук ж‑a эл аралык шарттар бекитилген. «Декларацияда ар бир адамдын кадыр‑баркын, теңдигин, укугун таануу эркиндиктин, адилет­тиктин ж‑a бүткүл дүйнөдөгү тынчтыктын не­гизи болот» деп жарыяланган. Декларацияда ар бир адам жашоого, эркиндикке, керт башы­на эч кимдин тийбестигине укуктуу экендиги көрсөтүлүп, алар анын башка жоболорунда да толукталган: «Эч ким кулчулукка же эрксиз абалда болбоого, бирөө тарабынан кыйноого же адамдык беделди кемсинтүүчү ырайымсыз, ка­таал мамилеге, жазага кириптер кылынбоого, зомбулук м‑н кармалбоого, куугунтукталбоого тийиш». Адамдын жеке ж‑a үй‑бүлөлүк турму­шуна, турак жайына, кат жазышуунун жашы­рындуулугуна эч кимдин тийүүгө укугу жок, ар бир адам ар‑намысы м‑н беделин коргоого укук туу ж‑a ал адилет сот тарабынан корголууга тийиш, о. эле адамдын саясий, жарандык укук

тары, эркиндиги ж‑дө да айтылган. Алар: ой­пикирдин эркиндиги, динге ишенүү‑ишенбөө, каалаган динди тутуу, көз караштын эркинди ги ж‑a аны эркин билдирүү, чогулуш өткөрүүгө, бирикме, союз түзүүгө, ар бир адамдын жалпы га тең, жашыруун добуш м‑н шайлоого, өз өлкөсүнүн башкаруу ишине катышууга, бир жактан экинчи жакка көчүп барууга ж‑a жа­шоо үчүн өзүнө жер тандоого, баш калкалоого, жарандуулукка, мүлк күтүүгө укуктуу. Декла рацияда көрсөтүлгөн адам укуктарынын барды­гынын негизинде тең укуктуулук принциби жатат. 10‑декабрь жыл сайын адам укуктары нын күнү катары белгиленет.

М. Т. Артыкбаев, Н. К. Алиева.