АБСОРБЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата 9-71>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(лат. absorptio - соруу, сиңирүү) г а з д ы н – газ аралашмасынан газды же бууну суюктуктардын сиңирип алышы. Сиңирүүчү суюктук абсорбент, сиңирүүнүн тескери процесси десорбция деп аталат. Суюктук газды си ңирип алса эритме пайда болот. Десорбция процесси эритмелерден газдарды бөлүп алууда ж-а абсорбентти мурунку таза абалына келтирүүдө колдонулат. Ар бир абсорбент (мис., суу, мета нол, суюк азот, этаноламиндин, металл карбонаттарынын, к-талардын ж-а жегичтердин суудагы эритмелери) белгилүү гана заттарды сиңире алат. Ошондуктан А. газдардын аралашмаларын бөлүүдө ж-а тазалоодо пайдаланылат. Негизги өнөр жай процесстери, мис., азот, күкүрт к-таларын алуу (суунун N02, S03тү сиңирип алышынан), соданы өндүрүү, өнөр жайдан чыккан газдарды зыяндуу аралашмалардан (күкүрттүү суутек, күкүрттүү ангидрид, көмүртек оксиди, көмүр кычкыл газы ж. б-дан) тазалоо А-га негизделген. А. абсорберлерде жүргүзүлөт. А. физ. ж-а хим. (хемосорбция) болуп бөлүнөт. Хемосорбцияда сиңирүүчү суюктук м-н сиңүүчү газдын ортосунда хим. реакция жүрөт.