АБСОРБЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:36, 4 Апрель (Чын куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(лат. absorptio - соруу, сиңирүү) г а з д ы н – газ аралашмасынан газды же бууну суюктуктардын сиңирип алышы. Сиңирүүчү суюктук абсорбент, сиңирүүнүн тескери процесси десорбция деп аталат. Суюктук газды сиңирип алса эритме пайда болот. Десорбция процесси эритмелерден газдарды бөлүп алууда ж-а абсорбентти мурунку таза абалына келтирүүдө колдонулат. Ар бир абсорбент (мис., суу, метанол, суюк азот, этаноламиндин, металл карбонаттарынын, к-талардын ж-а жегичтердин суудагы эритмелери) белгилүү гана заттарды сиңире алат. Ошондуктан А. газдардын аралашмаларын бөлүүдө ж-а тазалоодо пайдаланылат. Негизги өнөр жай процесстери, мис., азот, күкүрт к-таларын алуу (суунун N02, S03тү сиңирип алышынан), соданы өндүрүү, өнөр жайдан чыккан газдарды зыяндуу аралашмалардан (күкүрттүү суутек, күкүрттүү ангидрид, көмүртек оксиди, көмүр кычкыл газы ж. б-дан) тазалоо А-га негизделген. А. абсорберлерде жүргүзүлөт. А. физ. ж-а хим. (хемосорбция) болуп бөлүнөт. Хемосорбцияда сиңирүүчү суюктук м-н сиңүүчү газдын ортосунда хим. реакция жүрөт.