АК-ТӨР ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:27, 3 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АК-ТӨР ТООСУ‒  Кичи Алай кырка тоосунун чыгыш айрыгы. Түндүгүнөн Талдык, Кум-Бел тоолору, чыгышынан Гүлчө өрөөнү, батышынан Кичи Алай, түштүгүнөн Каракол тоолору ж-а Кум-Бел ашуусу м-н чектешет. Уз. 50 км, эӊ жазы жери 11 км. Орт. бийикт. 3760 м, эӊ бийик жери 4503 м (Кум-Бел ашуусунун түштүгүндө). Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Батыш ж-а борб. бөлүктөрү зоокалуу. Чокуларын «түбөлүк кар», түн. капталдарын майда мөӊгүлөр ээлейт. Түн.-чыгышты карай капталдары жантайыӊкы тартып, кырлары кумпа сымал формага өтөт. Жылгаларында шагыл, ири таш сыныктары көп кездешет. Түш. капталдары тик, кыска ж-а борчуктуу, түндүгү узун келип, фирн талаалары ээлейт. Тоодо Ак-Төр, Кум-Бел, Кош-Бел ашуулары бар. Негизинен бийик тоолуу альп шалбаалуу талаа, талаа (3200‒3600 м бийиктикте) ж-а гляциалдык-нивалдык (3600‒4000 м) ландшафт алкактары мүнөздүү.