АФИНА
Jump to navigation
Jump to search
А ф и н а П а л л а д а ‒ байыркы грек мифологиясындагы акылмандык жана адилет согуштун пири. Миф б-ча А. туулга, соотчон Зевстин башынан чыккан. Ал Афины ш-нын колдоочусу катары эсептелген жана анын урматына Панафиней майрамы өткөрүлүп турган.
Гомердин чыгармаларында, айрыкча «Одиссеясында» А-нын акылдуу жана эр жүрөк Одиссейди, о.эле грек-ахейлерди өзгөчө колдогондугу,
троялыктардын душманы катары айтылат. Анын Афины мамлекетинин акылман пири экендиги Эсхилдин «Эвмениддер» трагедиясын да чагылдырылган. Римдиктер А-ны Минерва деп аташкан.