АГРОХИМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:58, 6 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
, а г р о н о м и я л ы к  х и м и я ‒ топурак ж­а өсүмдүктөгү хим. процесстер, өсүмдүктүн азыктанышы, жер семирткич ж. б. хим. заттарды а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдонуу закон ченемдүүлүктөрү ж­-дөгү илим. Ал а. ч-сын химиялаштыруунун ил. негизи. А­нын негизги маселелери ‒ жер семирткичтердин бир кыйла натыйжалуу түрлөрүн табуу, аларды колдонуу ыкмаларын иштеп чыгуу, топуракка, тоютка массалык анализ жүргүзүү, жердин агрохимиялык картограммасын түзүү, дыйканчылык ж-­а мал чарбасын химиялаштырууга жардам көрсөтүү. А. топурак таануу, дыйканчылык, метеорология, өсүмдүк физиологиясы ж-­а биохимиясы, а. ч. микробиологиясы, физика, химия м-­н тыгыз байланыштуу. Бөлүмдөрү ‒ өсүмдүктүн азыктанышы, жер семирткичтердин айрым түрлөрүн колдонуунун натыйжалуугу ж-­а аны колдонуу ыкмалары, топуракты хим. жол м­-н мелиорациялоо (акилештирүү, гипстештирүү), отоо чөпкө каршы күрөшүүдө хим. каражаттарды колдонуу ж-а аларды изилдөө. А. илимин негиздөөчүлөр ‒ Д. И. Менделеев, К. А. Тимирязев, А. Н. Энгельгардт, А. Е. Зайкевич. Кыргызста­нда А-лык изилдөөлөр КАУда, Кыргызста­н дыйканчылык ИИИде, Республикалык топурак-агрохимия станциясында жүргүзүлөт.

Ад.: Петербургский А. В. Агрохимия и физиология растений. 2 изд. М., 1981.