БАЗИЛИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:12, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (5), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(гр. basilike ‒ падыша үйү) ‒ ичи колонна же катар түркүктөр менен узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоӊ аралыкты тосконго ыӊгайлуу болгон; ортоӊку неф (эреже катары капталдагылардан бийик жана кеӊири) каптал бөлүктөрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана апсида менен бүткөн. Б-га кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты ‒ нартекс жайгашкан. Эӊ алгачкы Б. б. з. ч. 210-ж. Деллос аралында курулган. Рим ш-нда Б. сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дининин бекемделиши менен Б. храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору

Римдеги Сан Паоло фуори ле мура базиликасы. Клуатра галереясы.

неф, апсида ‒ чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эӊ ири алгачкы христиандык Б-лар бай мозаика менен кооздолгон жана 4-6-к-да Рим, Равенна, Константинополь, Сирия ж. б-да курулган.