БАЖЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 өлкөнүн чек арасы аркылуу жүктү ж-а почта жөнөтмөлөрүн алып өтүүнү контролдоочу ж-а бажы салыктарын ж-а бажы жыйымдарын алуучу мамл. мекеме. Б. өзүнчө чек ара пункттарында (порттордо), өлкөнүн ири

борборлорунда жайгашат. Б. өлкөнүн бажы мыйзамдарынын ж-а белгиленген бажы эрежелери нин аткарылышын ишке ашырат; импортто луучу ж-а экспорттолуучу товарлардын эсебин алат; жүктөрдү убактылуу сактоого кабыл алат; тыштан келтирүүгө ж-а тышка чыгарылууга тыюу салынган ж-а чектелген буюмдарды алып коёт; контрабанда м-н күрөш жүргүзөт; жүктөрдү карайт; үстөктөрдү (товарларды сактагандык, санитардык ж. б. үчүн, о. эле белгиленген эрежелерди бузгандык үчүн штраф алынат, кээде жүк конфискацияланат), жыйым алат; бажы декларацияларын, эсептешүүлөрдү, товардын түрү тууралуу күбөлүктү, импорттук же экспорттук лицензияларды, санитардык ж-а ветеринардык күбөлүктөрдү көрсөтүү ж. б. бажы эрежелеринин сакталышын контролдойт. Б. жайгашкан жерге транспорттун токтотпоо; жээкке уруксатсыз токтотуу; керектүү докумен ттерди көрсөтпөө, жүктү жашыруу ж. б. эреже бузууга жатат.