БААРЫН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ кыргыз уруусунун аталышы. Б. уруусу, коӊурат уруусу м-н чогуу кыргыздын оӊ, сол ж-а ичкилик уруулар бирикмесине кирбеген, алардан сырткары өз алдынча турган уруу болуп эсептелинет. Бирок айрым санжыралык варианттарда ж-а уруулардын жайгашуу аймак

тары б-ча бул уруулар көпчүлүк мезгилде тагай уруулар тобу м-н чогуу эскерилип, кээ бир мезгилде алардын курамына да кошулуп айтылат. Б. уруусунун өкүлдөрү башка урууларга салыштырганда сан жагынан аздык кылат, ошол себептен майда уруу катары да эсептелген учурлар кездешет. Ал гана эмес айрым оозеки тарыхый маалыматтарда Б. уруусу багыш уруусунун бир уругу болуп белгиленген фактылар бар. Бирок бул уруунун өз алдынча уруу экендигин санжыралардын басымдуу көпчүлүгү ж-а бир катар тарыхый даректер далилдейт. Б. уруусунун келип чыгышы ж-дөгү уламыштар кыргыз санжырасында жокко эсе, көпчүлүк мезгилде алар жөн гана уруу катары баяндалат. Бирок тарых илиминде Б. уруусу 12‒13-к-дан бери белгилүү болуп, алардын алгачкы мезгилдеги түпкү теги моӊгол урууларынан болгондугу маалым. 12‒13-к-дын аралыгында курулган Чыӊгыз хандын Моӊгол империясынын курамында Б. (моӊголчо «барин») уруусу да болгон. Чыӊгызхан өзү басып алган аймактарды мураскер уулдарына үлүш катары бөлүштүргөндө, экинчи уулу Чагатайга Иле д-сы м-н Аму-Дарыянын аралыгын дагы аймак, б. а. Түркстан жергеси тийген. Ал жердеги элди башкарууга Чагатайга көмөк көрсөтүү үчүн атасы тарабынан бир канча таза моӊгол уруулары Монголиядан Борб. Азияга көчүрүлгөндүгү белгилүү. Ал уруулардын ичине Б., катаган, коӊурат ж-а барлас уруулары кирген. Б-дын Теӊир-Тоо аймагында пайда болушуна ушул жер которуу процесси түздөн-түз таасир берет. Көчүп келген моӊгол тилдүү уруулар жерг. түрк тилдүү уруулар м-н кыска мезгилдин ичинде эле аралашып, алар түрк тилинде сүйлөп калышкан. Б. ‒ Чагатай улусу кыйрагандан кийин Теӊир-Тоо аймагында пайда болгон Моголстан мамлекетиндеги (14‒16-к) негизги уруулардын бири. Ал эми 15-к-дын аягынан тарта Моголстан аймагына көчүп киришкен кыргыз уруулар курамына могол уруулары м-н кошо Б. уруусунун да кошулушу мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон.
Б. уруусу ич ара анабаарын, балабаарын, карабаарын, сарыбаарын (сарыкашка) ж-а байбаарын уруктарына бөлүнөт. Бирок уруунун ички бөлүнүү тармактары б-ча маалыматтар санжыраларда сейрек кездешип, анча так эмес. Айрым мезгилдерде Б-дар багыштын коржу уругунун курамында таратылып, алардын майда уруктары катары тоорук, семет, атана, сарыкашка, чие, көккозу ж. б. аталыштарда эскерилет. Б.уруусунун өкүлдөрү Кара-Буура, Чүй, Кочкор, Жети-Өгүз, Токтогул, Аксы ж-а Өзгөн р-ндорунун кээ бир айылдарында жашашат.

Р. Жолдошев.