АЭРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(гр. aer ‒ аба) ‒ 1) атм-лык абанын табигый же жасалма жол менен кандайдыр бир чөйрөгө (мис., топуракка, сууга ж. б.) өтүшү; 2) ар кандай чөйрөдөгү орг. заттарды тез кычкылдандыруу үчүн жасалма жол аркылуу алынган аба менен каныктыруу. А. тех. каражаттар дын жардамы менен же болбосо абанын өтүшүнө тоскоол болгон заттарды (муз, май пленкалар ж. б.) жок кылуу менен жүргүзүлөт. А. суулардын , көлмөлөрдүн интоксикациясын жок кылуу жана булганыч сууларды тазалоо үчүн колдонулат. Кээде биофильтрлерди аэрациялайт. Биофильтрге абаны киргизүү аэробдук микроорга низмдерди активдештирип, агын сууларды тазалоону тездетет.