АШШУР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 , А с с у р ‒ Ассириядагы байыркы шаар. Ирактын аймагында Мосул ш-нын

түштүгүнөн 100 км аралыкта жайгашкан (азыр анын ордунда Эш-Шаркат орун алган). Шаар Тигр д-нын аскалуу бийик жээгинен орун алып таш пайдубалдуу, кыштан курулган мунаралуу дубал (бийикт. 15 м, калыӊдыгы 6 м) м-н курчалган. А. 3-миӊ жылдыктын аягы ‒ 2-миӊ жылдыктын башында өкүмдар (мурастык) ж-а ак сакалдар кеӊеши башкарган соода борборуна айланган. Бул мезгил аралыгында бир топ басып алууларга дуушар болгон. Мис., Аккаддын, III Ура династиясынын, Шамши-Адад Iнин, Хаммурапинин тушунда Вавилониянын ж-а батыштагы коӊшусу Митаннинин бийлигине баш ийген учурлар болгон. 2-миӊ жылдыктын ортосунан А. Ассирия мамлекетинин борборуна айланган. 9-к-да мамлекеттин борбору Калха, 7-к-да Ниневия ш. экендигине карабастан, А. диний борбор ж-а дүйнөдөн кайткан ассирия падышаларынын коюла турган жери болуп, мамлекеттеги эӊ барктуу шаарлардын бири катары эсептелип, шаарга бир кыйла жеӊилдиктер берилген (соодагерлерге ж-а шаардыктарга салык салынган эмес ж. б.). 614-ж. Ассирияга каршы мидия-вавилон согушунун жүрүшүндө А. мидиялыктар тарабынан ырайымсыз талкаланган.
А-ду казып, изилдөө иштери 1903‒14-ж. немец чыгыш коому тарабынан В. Андренин жетекчилиги астында жүргүзүлгөн. Асемделген хан сарайлары, храмдар, Ассирия падышаларынын жер алдындагы гробницалары, китепкана ж. б. табылган.