АШРАФИ Мухтар Ашрафович
Jump to navigation
Jump to search
Мухтар Ашрафович (1912‒1975) ‒ өзбек композитору, дирижёр, СССР эл арт. (1951). 1934‒36-ж. Москва, 1948-ж. Ленинград консерваториясын бүтүргөн. 1944-ж. Ташкент консерваториясында окутуучу, 1953-ж. проф. Ал Василенко менен бирге туӊгуч өзбек операсын [«Бо
роон» (1939) жана «Улуу канал» (1941)] жазган. «Баатырдык симфония» (1942), «Дилором» (1958), «Акын жүрөгү» (1962) операларынын, «Сүйүү тумары» (1969) балетинин ж. б. чыгармалардын автору. А. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1943, 1952). Ленин ордени, башка үч орден менен сыйланган.