АЧЫК САБАК
Jump to navigation
Jump to search
‒ мугалимдин пед. тажрыйба сын, окутуучулук чеберчилигин баалоонун формасы. А. с-тын планы күн мурунтан түзүлүп, алдын ала предметтик мугалимдердин методикалык бирикмесинде каралат жана мектеп директору же анын окуу иштери б-ча орун басары тарабынан бекитилет. А. с. окуу программасын дагы татаал же жаӊыдан киргизилген темаларга карата уюштурулат. А. с-та пед. теория менен практиканын биримдиги, окутуунун жаӊы технологияларын: алдынкы методдорду, окутуунун салтка айланбаган формаларын кеӊири колдонуу ишке ашырылат. А. с. мектеп практика сында мугалимдер арасында алдынкы пед. тажрыйбаны жайылтуунун да ийкемдүү жолу болуп саналат. А. с-ка атайын чакырылган адамдардын катышуусу максатка ылайыктуу.