ИНФЕКЦИЯ
ИНФЕ́КЦИЯ (лат. inficio – зыян келтирем, жуктурам) – патогендүү (оору козгоочу) митенин адамдын же айбанаттын организмине кириши ж-а көбөйүшү. Организмге кирген И. козгогучу бир органда же тканда кармалат. Мис., эвол. процессте котур кенеси теринин эпителий катмарына, баш келте козгогучу кан тамыр капталына, грипп вирусу дем алуу жолдорунун былжырлуу челине мителик кылууга ыңгайлашкан. Организмге мите киргенде мите м-н организм ортосунда И-лык процесс жүрөт. И-нын бул же тигил түрүнүн пайда болушу козгогучтун касиетине, организмдин абалына, ооруну кабыл алгычтыгына жараша болот. Патогендүү микроорганизмдердин кээ бирлери ар кандай жаныбарларды ылаңдатат, көбү жаныбардын айрым түрүнө гана мителик кылат. И. козгогучтун түрүнө жараша бактериялык, вирустук, мите козу карындык, риккетсиялык ж. б. болуп бөлүнөт. Ал катуу кармаган, өнөкөт же И. алып жүрүүчүлүк түрүндө билинет. И. булагы – оорулуу же козгогучту алып жүрүүчү организм. Ичеги-карын ооруларынын (дизентерия, ич келте ж. б.) козгогучу заң, заара м-н бөлүнөт, тамакаш м-н, дем алуу жолдорунун ооруларынын козгогучу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, дем алганда аба аркылуу жугат. Баш келте, безгек ж. б. ооруларда козгогуч мителик кылган кан соруу курт-кумурска (бит, бүргө, чиркей) аркылуу тарайт.
Д. Раимбеков.