АБДИКАРИМОВ Сабиржан Токтосунович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:43, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДИКАРИМОВ Сабиржан Токтосунович (20.12.1959-жылы туулган, Ош областы, Ноокат району, Кыркол айылы) – медицина илимдеринин доктору (2014). КММАны (1981), КРдин Президентинин алдындагы башкаруу академиясын (2012) бүтүргөн. 1981-жылы эмгек жолун КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык эпидемиологиялык башкармалыгында санитардык врач болуп иштеген. баштап, 1987-93-жылдары КР Саламаттык сактоо министрлигинде санитардык-эпидемиялогия башкармалыгында врач-инспектор, 1993-97-жылдары ощол башкармалыктын начальниги, 1997-2007жылдары КР Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-көзөмөл департаментинин генералдык директору, 2007-10-жылдары КРдин Саламаттык сактоо министрлигинде башкы санитардык врач , КР саламаттык сактоо министринин орун басары, министри; департаменттин генералдык директору; И.К. Ахунбаев атындагы КММАда окутуучу, кафедра башчысы; КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык карантиндик жана өтө коркунучтуу инфекция борборунун директору. Абдикаримовдун 30 илимий эмгектери, анын ичинен 3 монография, 5 методикалык көрсөтмө, 3 нормативдик-методикалык документтердин жыйнагы жарык көргөн. КРдин мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматкери, саламаттык сактоонун отличниги.
Эмг.: Эпидемиология поливирусной инфекции в Кыргызской Республике// Эпидемиология и инфекционные болезни.– М., 2004. –№2. С. 15-18. (соавт.). Эпидемиологические особенности инфекций, передающихся водным путем: монография.–Бишкек, 2013. –113 с.; Полимеразная цепная реакция тест-системы в формате триплекс для детекции и идентификации сибриязвенного микроба// Medicine.– Алматы, 2016.– № 12 (174). –с.68-78. (соавт.).