АПААТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:15, 26 Июнь (Кулжа) 2025 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АПААТ, а л а а м а т – адамзатты кырсыкка жана материалдык бүлгүнгө учуратуучу табият кубулуштары жанa кырсыктары. Аларга жер титирөө жана тоолордун атылышы, суу ташкыны, сел жүрүү, кургакчылык, бороон-чапкын, цунами, катуу шамалдар (торнадо, куюн) ж. б. кирет. Негизинен жер шарында болжолдуу 70ке жакын, ал эми Кыргызстанда 20дай табигый кырсыктар катталган. Апаат көбүнчө капысынан болуп, адамзатка жанa чарбага көп залал келтирет.