АНШЛАГ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:02, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНШЛАГ (немисче anschlag – афиша, кулактандыруу) – театр, цирк, кинотеатр кассасынын жанында билеттердин бардыгы сатылып кеткендигин билдирген атайын кулактандыруу. «Аншлаг» «толук чогулду» түшүнүгү менен маанилеш, башкача айтканда оюнга (спектакль, концерт) көрүүчүлөрдүн жык-жыйма толушу.