АЛА-БАШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:28, 16 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛА-БАШ ‒ Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы кыштак. Ак-Терек айыл аймагына караштуу. Тескей Ала-Тоонун түндүк этегинде, деӊиз деӊгээлинен 2105 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 60 км чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 111 км. 1880‒1890-жылдары отурукташкан. Калкы 1125 (2009); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.