АК ОРДО
АК ОРДО – Алтын Ордонун эки канатынын бири; аны Жучунун уулу Батый жана анын укум-тукумдары башкарган. Алтын Ордо аталышы Батыйдын доорунан тартып, Жучу улусунун бардык аймактарына карата айтылса, 14‑кылымдын башынан Ак Ордого гана тиешелүү айтылып калган. Ак Ордо Батыйдын жана анын бир туугандары: Беркенин (Түндүк-Чыгыш Кавказ), Шибананын (азыркы Казакстан жана Батыш Сибирь), Мовалдын (Кара деңиздин бойлору) улустарынан турган. Кийин Батый менен Беркенин улустары кошулуп кеткен. 15‑кылымда Ак Ордонун аймагында Чоң ордо, Ногой ордосу, Өзбек, Казан, Крым, Сибирь хандыктары пайда болгон.
Р. Жолдошов.