АГРОТЕХНИКА
Jump to navigation
Jump to search
(агро..., гр. techn¸ ‒ устаттык, билгичтик) ‒ а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүү ыкмаларынын системасы ж-а дыйканчылык технологиясы. А-нын негизги милдети ‒ эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, аз эмгек жа каражат жумшоо мн эгилме өсүмдүктөрдөн мол түшүм алуу. Ал а. ч. өндүрүшүнө илим мн алдыӊкы тажрыйбанын жетишкендиктерин киргизүү, а.чсын химиялаштыруу, өндүрүш процесстерин комплекстүү механикалаштыруу жа автомат таштыруу аркылуу ишке ашырылат. А. ыкмаларына топурак жумшартуу, жер айдоо, жер семирткич чачуу, үрөндү себүүгө даярдоо, себүү жа тигүү, өсүмдүк өстүрүү, түшүм жыйноо, кар топтоо, о. эле а. ч. өсүмдүктөрүнүн отоо чөптөрүнө, илдет жа зыянкечтерине каршы күрөшү да кирет. Алгачкы замандарда А. өтө жөнөкөй эмгек шайманына жа кол эмгегине негиздел ген. 19кда эгилме өсүмдүктү өстүрүүнүн ил. жактан негизделген ыкмалары пайда болду. Бул топурактын күрдүүлүгү, өсүмдүктүн азыктанышы жа жер семирткичти пайдалануу, а. ч-сын туура жүргүзүү ж. б. ыкмалары ждөгү илимди өнүктүргөн окумуштуулардын эмгектерине байланыштуу. 20-кылымдын 20-жылдары трактордун пайда болушу мн кээ бир А-лык ыкмалар (жер айдоо, топуракты үрөн себүүгө даярдоо, катар аралыкты жумшартуу, өсүмдүктү кошумча азыктандыруу, пахта жыйноо механикалаштырыл ган. Эгилме өсүмдүктөн мол түшүм алуу үчүн анын өсүшүнө керек бардык факторлор мн камсыз кылуу керек. Бул өз ара байланыштуу ыкмалардан ‒ талааны жалпы жа себүү алдында айдоо, катар аралыкты жумшартуу, себүү алдындагы жа вегетациялык сугаруу, илдет, зыянкечтерден коргоо, түшүмдү жыйноо ж. бдан турган А-лык комплексти пайдалануу талап кылынат (к. Айдоо). Анын бөлүштүрүлүшү ар бир региондун, зонанын топуракклимат өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт. Ар бир зонада өсүмдүктүн өсүшүнө жетишсиз болгон факторго, мис., жаанчачыны аз райондордо топуракта ным топ
тоого көӊүл бурулат. Жерди туура которушту руп, өсүмдүктөрдү эгүү мн гана А-лык ыкмалар комплексинин натыйжалуулугуна жетишүүгө болот. Которуштуруп айдоо А. мн айкалышта жүргүзүлсө мол түшүм алынып, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт жа а. ч. азык-түлүк бирдигине жумшалган чыгым азаят.