АДАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:39, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДАЛ, х а л а л (ар. ‒ «эркин», «байланбаган») ‒ шарият мыйзамдары боюнча адамга уруксат этилген, ислам этикасына жооп берген иш-аракеттер, нерселер: 1) жегенге жарамдуу азык-түлүк; 2) адамдын ички тазалыгы; 3) таман акы, маӊдай тер менен табылган киреше; 4) ажылыкка барып келип, кайрадан өз ишине кайрылып, күндөлүк турмушта жашоосун уланткан адамдын абалы жана башкалар. Башкача айтканда исламда тыюу салынган иш-аракеттерге карама-каршы түшүнүк, к. Арам, х а р а м.